Өкмөт жүз миң сомдон ашпаган насыялардын үч айдын пайыздарын төлөөдөн бошотту
Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миңге чейин насыя алгандарга үстөгүн төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
2020-жылдын 9-ноябрында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл коронавирус инфекциясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу насыяларды төлөө боюнча маселе жаралганын айтышкан.
Ага ылайык, КРнын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КРнын Өкмөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 000 сомдон (жүз миң) ашпаган насыя алуучуларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Бул чечим коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.
Токтомго ылайык, эгерде насыя алуучунун 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманы бир нече жерден алса, пайыздар тандалган насыялардын бири боюнча гана төлөнүп берилет.
Чечимдин алкагында КРнын Улуттук банкына КРнын Финансы министрлигине 2020-жылдын 1-декабрына чейин КРнын Финансы министрлиги үчүн чегерилген пайыздарды субсидиялоо жөнүндө келишим түзүү үчүн финансылык-кредиттик уюмдардын бириктирилген реестрин берүү милдеттендирилди.
Ошол эле учурда алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө жана алынган субсидиялардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек.
КРнын Финансы министрлигине 5 жумушчу күндүн ичинде каржы-кредиттик уюмдарга субсидиялардын болжолдуу суммасын которуу тапшырмасы берилди.
Бул чечимге премьер-министр кол койду. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zhz-mi-somdon-ashpagan-nasyyalardyn-ch-ajdyn-pajyzdaryn-tldn-boshottu
Добавить комментарий ×