Өкмөт жаңы кодекстердеги каталарды жоюуда эксперттик топ түзүлгөнүн билдирди
Жаңы кодекстердеги каталарды тез аранын ичинде жоюу керек. Мындай пикирди депутат Таабалды Тиллаев бүгүнкү 23-январда парламенттик жыйында айтты.
"Жаңы мыйзамдарды аткарууда өкмөттүн так позициясы болуш керек. Азыркы чыгып аткан жаңы кодекстерде мүчүлүштүктөр көп болуп жатат. Өкмөт аткара ала турчу иштерин ачыгын айтышы керек"-деди депутат.
Вице-пермьер министр Разаков чыны менен азыркы жаңы мыйзамдарда бир канча орчундуу каталар кеткенин билдирди. Мындай каталарды жоюуда дагы алдыда 200дөй мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана 600дөй токтомдор кабыл алуу милдети тургандыгын белгиледи. Ошондой бул маселе боюнча эксперттик топ түзүлүп, карама-каршы жараткан мыйзамдардын каралып жаткандыгын кошумчалады.
Бүгүн парламенттик жыйында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берип, бул боюнча талкуу жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zhay-kodeksterdegi-katalardy-zhoyuuda-eksperttik-top-tzlgnn-bildirdi
Добавить комментарий ×