Өкмөт жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg электрондук порталынын мобилдик нускасын тесттик режимде ишке киргизди

3 декабря 2019 12:53 3383 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт жарандардын кайрылуулары боюнча www.kattar.kg электрондук порталынын мобилдик нускасын тесттик режимде ишке киргизди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg жаңы электрондук порталынын мобилдик нускасын тесттик режимде ишке киргизди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg электрондук порталынын мобилдик нускасы заманбап платформада жасалып, колдонууга жеңил. Эми ар бир жаран мобилдик телефондон кайрылууларынын текстин жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.  Жарандар сайттын жардамы менен Өкмөт мүчөлөрүнө, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, ошондой эле Өкмөттүн аппаратынын жетекчилигине кайрыла алат.  Жарандардын кайрылуулары «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдын нормаларына жана жол-жоболоруна ылайык каралары билдирүүдө айтылат.  


Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zharandardyn-kajryluularynyn-wwwkattarkg-elektronduk-portalynyn-mobildik-nuskasyn-testtik-rezhimde-ishke-kirgizdi



Добавить комментарий