Өкмөт: Медицина кызматкерлеринин айлыктары жогорулайт

29 августа 2018 13:10 2355 Barometr
Поделиться в:
ok

Өлкөдө медицина кызматкерлеринин айлыктары жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээки жыйында айрым медицина кызматкерлеринин айлыктары жогорулай тургандыгын айтты.

«Бюджеттин корголгон беренелери боюнча 50,7 млрд сомго каржыланды. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу боюнча каражат бюджетке салынды. Ошондой эле 2018-жылдын 1-октябрынан тартып медицина кызматкерлеринин айрым категориясынын эмгек акысы жогорулатылат», – деди Абылгазиев. 

Мунун менен катар эле  өкмөт башчы  республиканын бардык мектептерин интернет менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-medicina-kyzmatkerlerinin-ajlyktary-zhogorulajt



Добавить комментарий