Өкмөт мүчөлөрү элди мыйзамды сактоого чакырды

6 октября 2020 18:12 506 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрү, жарандарга туруктуулук жана мыйзамды сактоо боюнча  кайрылуу жолдоду.

“Жөнөкөй жарандардын жашоосу үчүн зарыл болгон экономикалык жана социалдык түзүмдөрдүн, уюмдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;

экономикалык туруктуулукту сактоо биздин негизги милдетибиз болуп саналат.

Ошондой эле өлкөбүздүн эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги имиджин сактоо биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири.

Биз Кыргызстан эли ишенип берген жоопкерчилигибизди сезип, өз милдетибизди жана ишибизди уланта беребиз”, -дейп жазылат кайрылууда.

Кече, 5-октябрда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышып, абактагы бир канча саясатчыларды бошотушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-mchlr-elge-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий