Өкмөт Матраимовду кызматына кайтаруу боюнча райондук соттун чечимине карата шаардык сотко даттанды

23 августа 2018 21:55 1221 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт Матраимовду кызматына кайтаруу боюнча райондук соттун чечимине карата шаардык сотко даттанды. 

Маалым болгондой, Бишкек шаардык сотуна Райымбек Матраимовду Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгында калыбына келтирүү боюнча чечимге даттануу түштү. Арызды Бишкек шаардык сотуна өкмөт жолдоду. 

Эске салсак, 25-июлда Биринчи май районунун соту Матраимовдун мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата доо-арызын канааттандырып, аны кызматында калыбына келтирген. Матраимов былтыр 23-ноябрда “ишеним жоготуу” беренеси менен ордунан бошотулган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-matraimovdu-kyzmatyna-kajtaruu-boyuncha-rajonduk-sottun-chechimine-karata-shaardyk-sotko-dattandy



Добавить комментарий