Бишкек менен Ошто мамлекеттик кризистик борборлор ачылат

20 февраля 2020 16:11 681 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Сезим» кризистик борбору коомдук бирикмесинин реабилитациялык борборунун, социалдык турак жайынын жана кеңеш берүүчү кеңсесинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болуп, балдары менен реабилитациялык борбордо убактылуу баш калкалап, адистерден психологияaлык кеңеш алып жаткан кыз-келиндер менен сүйлөшүп, зордук-зомбулуктун бардык түрү — бул кылмыш экенин түшүнүү керектигин белгиледи.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул жабырлануучунун гана эмес, жалпы коомдун маселеси. Зомбулуктун бул түрү кооптуу жана адам чыдагыс көрүнүш экенин түшүнүшүбүз керек. Негизинен үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү - аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер зомбулукка кабылып, жабыр тартат. Ошондуктан бул маселеге мамлекеттик институттардын жана барынан биринчи коомчулук өзү күрөшүүсү керек», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында жакын арада эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул мезгил талабы.

Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-mamlekettik-krizistik-borborlordu-tzn-plandap-zhatat



Добавить комментарий