Өкмөт экономиканын Кумтөрдөн көз карандылыгын акырындап азайтат

27 январь 2020 12:03 941 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт экономиканын Кумтөр кенине болгон көз карандылыгын акырындык менен азайтат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Ага ылайык, Кумтөрдөн көз карандылыкты 2020-жылы – 10%га, 2023-жылга 25%га чейин азайтууну пландалууда. Абылгазиев мындай аракетер реалдуу экенине өкмөттүн көзү жеткенин кошумчалады.

Ал ошондой эле, 2020-жылы 15тен көп ири долбоорлорлор ишке кире турганын белгиледи. Алар: "Жер-Үй”, “Этибакыр-Терексай”, Оштогу “Кыргыз унаа курулуш” менен “Кыргыз текстиль”, Кайыңды “Металл кени”, «Чаарат ЗААВ», «Ширальджин», «Жамгыр» алтын кендери бар. Андан сырткары Нарын облусунун Ат-Башы районуна салына турчу соода-логистикалык борборун курулушу башталат.

Ушул ишканаларда эле 2020-жылы 2500 жаңы жумуш орундары пайда болот, жалпы инвестициянын көлөмү 400 млн долларга чыгат.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-lk-ekonomikasynyn-kumtrdn-kz-karandylygyn-akyryndap-azajtat



Добавить комментарий