Ѳкмѳт: "Кытай инвесторлорунун укутарын коргоого кытай күзѳт агенттиги тартылбайт"

26 августа 2019 15:57 6633 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кытай жарандары болгон инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн кытай күзөт агенттиктерин тартылбайт. Бул тууралуу ѳкмѳттүн маалымат кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармакта жана кээ бир маалыматтык сайттар жарыялаган маалыматтан кийин маалымдады.

 Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кытай жарандары болгон инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн кытай күзөт агенттиктерин тартуу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Кыргызстандын Өкмөтү ак ниет иштеген, өлкөгө жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө өз инвестицияларын салган инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону өзүнүн башкы артыкчылыктарынын бири деп эсептейт. Учурда КР ИИМ курамында кендерди жана өнөр жай объекттерин коргоо боюнча адистештирилген башкармалык (КӨОКАБ) түзүү долбооруү ѳкмѳттѳ каралууда.

Ошондой эле, жалган маалыматты тараткан жактар КР мыйзамдарына ылайык, жоопко тартылаарын жана тиешелүү мекемелер иш алып бара жатканы кабарланат. Андан тышкары жарандарды бул сыяктуу чагымчыл билдирүүлөргө алдырбоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-kytaj-investorlorunun-ukutaryn-korgoogo-kytaj-kzt-agenttigi-tartylbajt



Добавить комментарий