Өкмөт Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талап эң жогору 10 адистикти аныктады
КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарда талап кылынган адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды.
Талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул мезгил аралыгында эмгек рыногунда артыкчылыкка ээ болгон жана суроо-талап жогору болгон адистиктер өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактарында болот. Бүгүнкү күндө суроо-талап жогору делген 10 адистикке төмөнкүлөр кирет: маалыматтык коопсуздук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, технологиялык машиналар жана жабдуулар, медицина, менеджмент жана маркетинг, агрардык инженерия, курулуш, билим берүү.
Ошондой эле 2018-жылы кабыл алуу компаниясынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер гранттык негизде окутуу боюнча төмөнкү адистиктерге жана багыттарга даярдоого кабыл алынган: программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика (англис тили), психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык-алдын алуу иши, малдан алынган азыктар технологиясы жана өндүрүшү.
Эске салсак, ар жылы кыргыз өкмөтү тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет. Өткөн жылы компьютердик технология адистиктерине – 485, өнөр жайына – 425, айыл чарбага – 415, саламаттык сактоого – 405, педагогикага – 375, курулушка – 260, тоо-кен иштетүү өнөр жайына – 215, гуманитардык адистиктерге – 115, башкарууга – 95, транспорт тармагына – 90 гранттык орун бөлүнгөн.
Ал эми дүйнөдөгү суроо-талап жогору жана кеңири жайылган адистиктерге IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог кесиптери кирери дагы белгиленди.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-kyrgyzstandyn-emgek-rynogunda-suroo-talap-e-zhogoru-10-adistikti-anyktady
Добавить комментарий ×