Өкмөт көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жоопкерчиликке тартууну ИИМге тапшырды

12 января 2019 17:40 1060 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

«Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо – Кыргызстандын элине таандык маанилүү сапаттардын бири эмеспи. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш», - деди Абылгазиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-krstndg-vandalizmge-knllrd-taap-zhoopkerchilikke-tartuunu-iimge-tapshyrdy



Добавить комментарий