Өкмөт: "Кыргызстан дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондор боюнча 62-орунда турат"

23 июля 2020 17:56 1324 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргызстан дүйнө жүзүндө коронавирустан өлүм учурлары боюнча биринчи орунду ээледи” аттуу макала боюнча кыргыз өкмөтү түшүндүрмө берди.  Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда лабораториялык тастыкталган (U07.1) жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган (U07.2) COVID-19 боюнча статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алган.

Буга байланыштуу, сандарда “курулай өрчүтүү” орун алган, бирок  17-июлдан баштап күн сайынкы тенденция суткасына 1000 учур кошулганын көрсөтүүдө, бул кескин көбөйүү эмес. Бирок статистика бириктирилгендиктен, 17-июлда автоматтык түрдө COVID-19дун U07.2 маркасы боюнча 10 995 учур кошулду.

Мындан улам, эл аралык эсептегичтерде 1 жуманын ичинде оорунун жана өлүмдүн жаңы учурлары кошулду. Айрым өлкөлөрдүн өкмөттөрү дагы мындай кадамга барып, алардын дагы статистикасы тез арада өстү.

Саламаттык сактоо министрлиги ошондой эле “New York Times” ресурсуна жайгаштырылган COVID-19дун глобалдык көбөйүшүн кароо боюнча коронакартаны талдап чыкты.

Көрсөтүлгөн таблицада Кыргызстан акыркы 7 күндөгү өсүштү эске алганда 1-орунда турат, тагыраагы 16 807 – бул 100 миң калкка 266 учурду түзөт, өлүмдөрдүн саны боюнча дагы ушундай эле. Маалыматтардын чагылдырылышынын тууралыгы үчүн Саламаттык сактоо министрлиги ушул эле сайтка бир жумадан кийин, статистика жаңылангандан кийин, кирип көрүүнү сунуштайт.

Ошол эле учурда, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун күнүмдүк отчетуна ылайык (Situation Report – 183, 2020-жылдын 21-июлуна карата), Кыргызстан коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча 62-орунда турат (каза тапкандардын санын COVID-19 аныкталган жалпы адамдардын санына бөлүп, 100%га көбөйтүү формуласын колдонууда). Эгерде формуланы 1 млн калкка колдонсо, анда биздин өлкө 30-орунда болот (https://www.worldometers.info/coronavirus/).

Анын үстүнө саламаттык сактоо министрлиги амбулатордук шарттарда дарылануу алган жана алып жаткан жактарды дагы эсептейт, мындан улам, каза болуулар дагы да тагыраак эсептелет.



Ссылка: https://barometr.kg/kmt-koronavirustun-statistkasy-tuurames-eseptelgen



Добавить комментарий