"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акчадан милиция менен УКМК үлүш алат

20 февраля 2019 18:30 988 Barometr
Поделиться в:
ok

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн эсептелген айыппулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго КыргызРеспубликасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараттык-программалык комплекс (АПК) аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсеби ачылды.

Администрациялануучу эсепке каражаттар жол эрежелерин бузуулар үчүн иш жүзүндө төлөнгөн айыппулдардан келип түшөт. Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү финансы каражаттарын төмөнкүлөргө биринчи кезекте бөлүүнү ишке ашырат:

- сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, жалданма компаниялар менен төлөнгөн айыппулдар үчүн эсептешүүгө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, ошондой эле техникалык операторлорго техникалык коштоо жана «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун колдоосу үчүн;

- КР ИИМ ЖКККББга токтомдорду унаа каражаттарынын ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына.

Жогоруда белгиленген финансы каражаттары бөлүштүрүлгөндөн кийин, калган айыппулдар суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 5 % ‒ Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылууга;

- 15 % ‒ КР ИИМ ЖКККББга Мониторинг борборун күнүмдүк камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноону жакшыртуу жана АПК аркылуу аныкталган унаа каражаттарын колдонуу үчүн.

Андан соң акча каражаттары жол инфраструктурасынын элементтерин тийиштүү абалга келтирүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн унаа жолдорунун балансын кармоочулар ортосунда бөлүштүрүлөт:

- же 25% - өз алдынча башкаруу органдарына;

- же 5 % Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине.

Түшкөн каражаттардын, анын ичинде көчмө АПК менен аныктоодон жыйналган каражаттардын калдыгы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында тиешелүү жылга карата белгиленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-koopsuz-shaar-dolboorunun-alkagynda-ajyppuldar-summasyn-belgil-zhana-pajdalanuu-tartibin-anyktady



Добавить комментарий