Абылгазиев: «контейнер», чатыр мектептердин ордуна жаңы мектеп курабыз

26 сентября 2019 15:29 1443 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт эң оболу авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы курула турган жалпы билим берүүчү мекемелерди каржылайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «капиталдык салымдар» беренеси боюнча билим берүү объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланган жыйында билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында 2017-2018-жылдардын аралыгында республика боюнча 243 билим берүү объектиси курулганы айтылды. Анын 121и мектеп жана спорт зал, 122си бала бакча. Бул үчүн 5,2 млрд сом бөлүнгөн. 2019-жылы 46 объекттин курулуш иштери аяктаган, алар 28 мектеп жана 18 бала бакча.

Премьер-министр авариялык абалдагы мектептер өзгөчө тынчсыздандырып жатканын белгиледи.

«Өлкөдө авариялык, «контейнерде» жана чатырларда мектептер болбош керек. Учурда мындай мектептин 17си бар, алардын курулуш иштерин тездетүү жана каржылоо маселесин чечүү керек. Бюджеттин киреше бөлүгүндөгү объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, бул маселе барынан биринчи болуп каралыш керек, биз мектептердин курулушуна каражат табабыз жана республика боюнча авариялык абалдагы бир дагы мектеп болбогондой деңгээлге жетебиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйында жаңы билим берүү объектилерин курууда системалуу мамиле болгон эмес, ар кандай себептер менен, кээде саясий мүнөздөгү учурлар менен коштолуп, мектепке муктаждык жок жерлерге чоң билим берүү жайы курулуп келгени белгиленди. Мына ошол жаңы мектептерде окуучулар аз болуп, толбой жатса, ошол эле учурда айрым райондордо мектептин жоктугунан кыйынчылыктар пайда болгон.

Жыйында мындан тышкары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу маселелери талкууланды. Айтсак, мектептерди курууда жана жабдууларды колдонууда бирдиктүү стандарттарды киргизүү маселелери көтөрүлдү, мындан тышкары курулуш иштеринде жана жасалгалоодо зыянсыз материалдарды колдонуу, экологиялык коопсуздук боюнча талаптарды сактоо керектиги айтылды.

Соңунда Өкмөт башчы Финансы министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине жана Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба агенттигине бир катар конкретүү тапшырмаларды берди.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-kontejner-chatyr-mektepterdin-orduna-zhay-mektep-kurabyz



Добавить комментарий