Өкмөт үйүнүн алдында Суваналиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг болуп жатат

9 октября 2020 12:07 1119 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-октябрда Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары өзүн-өзү Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына шайлап алган Өмүрбек Суваналиевдин ээлеген ордунан кетишин талап кылып митинге чыгышты.

Топтолгондордун негизги талабы баардык кызмат орундары мыйзамдуу түрдө болушу керектигин айтты.

Алар Суваналивдин мыйзамсыз, басып алуу жолу менен кызматка келгенин айтып, анын ээлеген ордун бошотуп берүүсүн талап кылып жатышат.

Эскерте кетсек, Суваналиев 6-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу кызматын аркалап жатканын, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-jnn-aldynda-suvanalievdin-kyzmattan-ketsn-talap-kylgan-miting-bolup-zhatat



Добавить комментарий