Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө болгон мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылга чейин узартты
Поделиться в:
Өкмөт тарабынан ишкерлерди текшерүү мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.
Мораторийдин мөөнөтүн узартуу коронавирустун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-ishkerlerdi-teksher-moratorijdin-mntn-uzartty
Добавить комментарий ×