Өкмөт: чек арадагы кырдаал туруктуу

14 марта 2019 20:30 1017 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу.Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу маалымдады.

“Окуя болгон жерге мамлекеттик органдардын кырдаалды турукташтыруу боюнча иштерин координациялоо үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим жөнөтүлгөн.

Ошондой эле чектеш райондордо мындан аркы эскалацияга жол бербөө жөнүндө жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.

Мындан тышкары эскерте кетсек, мурдараак эки өлкөнүн  Президенттери, Премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөшүшкөн, анда тараптар объективдүү териштирүү жүргүзүүгө жана келечекте мындай жагдайларга жол бербөөгө эки жактуу даярдыктарын билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-chek-aradagy-kyrdaal-turuktuu



Добавить комментарий