Өкмөт башчы Жерүй жөнүндө: Кыргыз-россия кызматташтыгынын эң ири жана эң маанилүү долбоорлорунун бири
Талас областындагы Жерүй алтын кенин иштетүү тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргыз-россия кызматташтыгындагы эң ири жана маанилүү долбоорлорунун бири” деп атады.
“Биз экономикага салымы кандай болорун эсептеп, канча социалдык долбоор ишке ашырыларын, канча жумушчу орду түзүлөрүн, бюджетке канча салык түшөрүн эсептеп чыгып чечим кабыл алышыбыз керек.
Кимдер каршы чыгып жаткан болсо, анын же экономикадан түшүнүгү жок, же болбосо Кыргызстандын газ жана мунай өнөр жайын түшүнбөйт. Ошондуктан жетекчилик туура саясат жүргүзүп, алдыга кетүү зарыл жана элдин абалын жакшыртып, экономиканы көтөрүүгө көмөкчү боло турган долбоорлордон коркпошубуз керек, бирок албетте мыйзамдын алкагында болушу шарт.
Азыркы учурда Россиянын ири банкы жана Жерүй кенинде иштеп жаткан компания менен 600 млн доллардык келишимге кол коюлду. Миңдеген Кыргызстандын жарандары жумушчу орунга ээ болот, миллиондогон каражаттар бюджетке түшөт”,-деп айтты Абылгазиев.
Мындан тышкары өкмөт башчы белгилегендей, «Росгеология» компаниясы 20 жылдын аралыгында 1 млрд 200 миллион долларга чейин инвестиция салууга ниеттенүүдө.
Добавить комментарий ×