Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткенге келди
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-сентябрда Баткен облусуна барды. Өкмөттүн маалымат катчысы билдиргендей, Абылгазиев Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик учагы менен барды.
Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алат.
Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен чукул жыйын өткөрөт.
Эске салсак, кечээ Лейлек районун кыргыз-тажик чегинде жайгашкан Максат жана Овчу-Калача айлында эки тараптуу ок атышуу болуп, бир чек ара кызматкери каза болуп, 8 киши жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-muhammedkalyj-abylgaziev-batkenge-keldi
Добавить комментарий ×