Өкмөт башчы «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн долбоорун талкуулады

19 апреля 2019 11:08 1089 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «SINO-Pipeline International Company Limited» башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө «Борбор Азия-Кытай» магистралдык газ түтүгүнүн составдык бөлүгү катары саналган «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелер талкууланды.

Кыргызстандын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 км, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Кыргызстандын аймагы боюнча газ түтүгүнүн маршруту Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Мэн Фанчунь Абылгазиевге долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, айыл чарба жана токой чарба өндүрүш жерлерин пайдалануудан жана андан келип түшкөн пайданы жабуу үчүн компенсацияларды төлөп берүү менен газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар кыл тармактагы өз-ара пайдалуу кызматташтыктын динамикалык өнүгүүсүн жана бардык деңгээлдеги кыргыз-кытай саясий диалогунун жогорку деңгээлин канагаттануу менен белгиледи. Премьер-министр биргелешкен маанилүү жана өз-ара пайдалуу жогорудагыдай долбоорлорду келечекте биргелешип ишке ашыруу жолу аркылуу инвестициялык өз-ара аракеттешүүнүн тереңдетилишинин жана эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрү ортосундагы кызматташтыктын кеңейтилишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Абылгазиев белгилегендей, «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбоорун ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ жана биргелешкен күч-аракетте анын ишке ашырылышы өз мөөнөтүндө жана бардык экологиялык жана техникалык ченемдердин жана эл аралык стандарттардын так сакталышы менен сапаттуу камсыздалаарына ишеним билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-kyrgyzstan-kytaj-gaz-ttgnn-dolboorun-talkuulady



Добавить комментарий