Өкмөт башчы курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү атап, аны чечүү жолдорун санады
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги алдында "2020-2030-жылдарга Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүү Стратегиясын бекитүү тууралуу" өкмөттүн токтомунун долбоору талкууланды.
Абылгазиев өз сөзүндө өкмөттүн негизги милдеттеринин бири курулуш тармагын өнүктүрүү, бул тармакта эмгектенген ишкерлерге жеңилдетилген шарттарды түзүү экенин айтты. Себеби бул тармак мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүнү негизги локомотивдеринин бири.
Бүгүнкү күндө курулуш тармагында бир топ алгылыктуу жумуштар болгону менен дагы эле чечилбеген маселелер арбын.
Алардын айрымдары төмөнкүдөй:
- Курулушка уруксат берүү системасын жөнгө салуу;
- Аймактык пландоонун башкы схемасынын жоктугу;
- Инженердик-техникалык камсыздоо түйүндөрүн өнүктүрүүнүн башкы схемасынын жоктугу;
- Жерди пайдалануу жана калктуу жерлерди, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарлары үчүн курулуш эрежелеринин жоктугу;
- Курулуштагы инновациялык ишти өнүктүрүү
- Жаңы жогорку сапаттуу, анын ичинде композиттик материалдарды жана буюмдарды чыгарууну өздөштүрүү жана башкалар.
Турак жайлардын курулушуна шарт түзүү мамлекеттин негизги маселелеринин бири. Акыркы жылдары республикада курулган турак үйлөрдүн көөмү инвестициялардын эсебинен туруктуу өсүүдө. Бирок турак жайды колдонууга берүүнүн темпи, анын наркы мамлекетти жана калктын көпүлүк бөлүгүн, айрыкча анын социалдык аярлуу катмарын канааттандырбайт.
Жогоруда аталган көйгөйлөрдү эске алып, Курулуш агенттиги тарабынан курулуш тармагын өнүктүрүү Стратегиясы иштелип чыкты. Анын негизги максаты калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана ушул тармактагы инвестициялык климатты өркүндөтүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-kurulush-tarmagyndagy-kjgjlrd-atap-any-chech-zholdorun-sanady
Добавить комментарий ×