Өкмөт башчы эртеңки Тажикстандагы өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн жыйынына катышат
Поделиться в:
Кыргызстандын премьер-министри Тажикстандагы 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат.
Жыйын алкагында Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Добавить комментарий ×