Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берүүнү пландоодо

17 июня 2019 10:21 3120 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бул долбоордо жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү каралган. Ал Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 млн сом каралат.

Долбоордун алкагында бул жардамды алууну каалаган жакыр жашаган жана аз камсыз болгон бир үй-бүлөгө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам алышат. Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын (же өз алдынча иштөө шарттарын) түзүүнү каалаган ишкерлерге бир жолку кайтарымсыз сумма берилет.

Жакыр жашаган жана же аз камсыз болгон үй-бүлө жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык келишимге кол коюшат. Анын алкагында үй-бүлө белгилүү бир милдеттемелерди өзүнө алып, ал эми мамлекет ага жардам берет.

Мисалы, үй-бүлө жеке чарбасында ишин жөнгө салууга же чакан бизнес ачууга, же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кайра окутуудан өтүп, ишке орношууга жана үй-бүлөнү туруктуу киреше менен камсыздоого милдеттенет. Акча үй-бүлөнүн активдүү аракеттери үчүн берилет.

Бир жолку жардам алуунун милдеттүү шарты – жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу үчүн Социалдык ыңгайлаштыруу программасынын айыл чарбасын же ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларынын өтүнмө ээси тарабынан аткарылышы саналат.

Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобону ишке ашыруу өз алдынча иштөөгө аракеттешүү максатында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетүүнү шарттайт:

- оор турмуштук кырдаалдан чыккан жарандардын саны, алардын келишим аяктаган мөөнөттөгү жан башына орточо кирешесинин социалдык келишимдин башталышына салыштырмалуу өсүүсү;

- «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул алуучулардан чыккан социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөрдүн саны;

- туруктуу иши бар жарандардын саны.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-az-kamsyz-bolgon-j-bllrg-100-mi-somdon-bern-plandoodo



Добавить комментарий

  • Максатай 4 года назад
    Саламатсыздарбы мен да жалгыз бой энемин эч кайерде иштебеймин 2 кызым бар жардам бересиздерби ажырашкандан кийин апамдын колундамын алдын ала рахмат Аллахым раазы болсун тел ном 0770684077
  • Толоп берсин жакшы болот эле
  • Негизи жолок пулду кандай шартагы адамдарга бересиздер,мен 2 гурупадагы майыпмын жалгыз бой кызым неберем менен колумда мать одиночка,бирок ушул жолок пулду социальных жактан текшертип бересиздерби?
  • Саламатсызбы менин жолдошум кайтыш болуп 5 баланы тарбиялап келем эч жерде иштебейм