Материалдык резервдер фонду: ун менен буудайдын запасы жетиштүү

10 апреля 2020 14:58 921 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөттүн тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 10-апрелине карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан биринчи сорттогу 2 881,7 тонна ун бөлүнүп, өлкө аймактарындагы калктын аярлуу катмарына таратылууда.

Жалпысынан Ош облусуна 831,85 тонна ун бөлүнсө, анын ичинен өзгөчө абал режими киргизилген Ноокат районуна 401,85 тонна, 140 тонна Кара-Суу районуна берилди. 

Жалал-Абад облусуна – 891,85 тонна, анын 456,25 тоннасы Сузак районуна бөлүндү. 

Баткен облусу – 117,2 тонна;  

Ысык-Көл – 267,6 тонна; 

Нарын – 186,5; 

Чүй – 136,4 тонна ун бөлүндү. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бөлгөн ундун 130 тоннасы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарына, ал эми Бишкекке 320 тонна, Жалал-Абад шаарына 33,1 тонна ун берилди. Бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. 

Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-az-kamsyz-bolgon-j-bllrd-un-menen-kamsyzdoo-ishin-ulantuuda



Добавить комментарий