Видео. Депутат менен вице-премьер акимдер үчүн уруша кетишти

6 марта 2019 21:17 1603 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Аксы районунун акимдери тууралуу маселени бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеӊеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатканда  депутат  Умбеталы Кыдыралиев көтөрүп чыкты.

“Жакында 22-февралда премьер-министр алты акимди ордунан алган. Бүгүнкү күндө эки районго дагы эки аким шайлана элек. Аксыда он беш жылдан бери эки аким иштеп келди. Бирок эч кандай социалдык-экономикалык маселелер чечилген жок”,-деп эскертти эл өкүлү.

Буга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Аксы районунун акими боюнча ар кандай сунуштар, талаш-тартыштар көп болууда.Туура эле талаш-тартыш эмес, эл арасында уруу-уруу болуп бөлүнгөн талаш да болуп жатат”,-деп жооп узатты.  

Бирок элдин аким үчүн урууга бөлүнүп жатканы депуттардын нааразылыгын пайда кылды.

“Сиз биринчи премьер министр катары элди урууга бөлүүгө тийиш эмессиз. Мен сизден мындайды күткөн эмесмин”,-деп билдирди депутат Алмазбек Токторов.

“Болгонун болгондой айттым. Ошодуктан татыктуу акимди алып келип шайлап бергенге биз да аракет кылып жатабыз. Маселени чечүүнүн жолдору бар. Аким шайланганча орун басары милдетин аткаруучу болуп турат”,-деп  жооп кайтарды буга Боронов. 

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-aksyga-akim-shajlaj-albaj-ubara-boluuda



Добавить комментарий