Өкмөт акчаны үнөмдөө үчүн кандай иштерден баш тартууда?

23 марта 2020 13:50 1308 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирустан улам өтө керек эмес чыгашалардын бардыгы кыскартылганын билдирди.

Анын ичинде автоунаа сатып алуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу, оңдоого байланыштуу чыгышалар толугу менен кыскартылган. Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттен айлык, пенсия, пособье алгандарга акча убагында төлөнүп берилерин айтты.

“Бюджеттин эсебинен айлык алгандар — саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагылар пенсиялары, пособьелери, айлыктары толук көлөмдо төлөнүп турат. Ага кооптонууга негиз жок”, — деди ал.

Асрандиев учурда эл аралык уюмдар жана донорлор менен каражат тартуу жана жардам алуу максатында тыгыз иш алып барылып жатканына токтолду.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-akchany-nmd-chn-kandaj-ishterden-bash-tartuuda



Добавить комментарий