Аймактарды өнүктүрүү үчүн бизнес-долбоорлорду колдоого 2 млрд сом бөлүндү
Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн инвестициялык жана инфратүзүмдүк бизнес-долбоорлорду колдоого 2 млрд сом бөлүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түздү.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Баткен облусуна Кызыл-Кыя шаарындагы "Кант-ТШП" компаниясынын шифер чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди.
“Биз жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу демилгелерин колдойбуз. Бул жаңы иш орундарын түзүп, жергиликтүү коомду, жалпы аймакты өнүктүрөт”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Айыл Банк”, “РСК Банк”, “Кепилдик фонду” ААК сыяктуу финансы институттары тарабынан өлкөнүн аймактарында ишкерлерди колдоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.
“Кант-ТШП” компаниясынын башкы директору Санжар Капаров билдиргендей, шифер чыгаруучу заводу 2020-жылдын биринчи кварталында ишке кирет. Долбоордун сметалык баасы – 255 млн сом.
“Жергиликтүү сырье колдонула турган ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 3,7 млн шиферди түзөт. Мында 120 жумуш орду түзүлмөкчү. Ишкана өндүрүштү мындан ары да кеңейтип, жакынкы жылдары модернизациялайт”, – деди компаниянын.
Добавить комментарий ×