Күмөндөр Абылов: Эски видеомду чыгарып алып, мени топ тепкендей тепкиледиңер

1 декабря 2020 17:29 1511 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү куудул, театр, кино актеру, КРдин эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов эл ырыскысын жеген чоңдорду эртелеп, жеген акчаларын казынага төгүп берүүгө чакырды. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Урматтуу мекендештер! Кыргызда "Кулак укса курсак кайнайт"  деген, таамай айтылган кеп бар! Болбосо, 4-октябрдагы шайлоого чейин, менин Жээнбековго жакшы пикир айткан үч жыл мурунку видеомду фейсбукка коюп алышып, бир топтору каргап-шилешкенинен, унчукпас болдум эле.

Ал эми, азыркы айта турган пикиримди, менсиз да айтып жатышат. Ошентсе да, сөз жебестерге мен да айткым келди. Баарынан да, каныңды кайнатып, жаныңды кашайткан сөз жебестер, отуз жылдан бери элди ушул акыбалга алып келгендер болуп жатат, тилекке каршы!

Эй, жегичтер! Сөз жебестер! Силер карапайым элди ушунчалык кем акыл ойлоп, мынчалык кордобосоңор болмок! Жок дегенде азыр, алдайм деп, аракет кылбай, күнөөңөрдү мойнуңарга алсаңар боло. Кудайдан коркуп? Силер сүйлөгөн сайын, элдин кыжыры кандай келип жатканын билип жатасыңарбы? Андан көрө, ичке-жегениңерди эртелеп казынага төгүп, күнөөңөрдү жеңилдете бергиле! Садыр Жапаров бийликке келсе, эмне күн көрөөрүңөрдү билип, жан айласы кылып жатасыңар. Уйкуңар качып, жаман түш көрүп, албарсты басып, тамакка табитиңер тартпай жатабы? Ооба, ошентип атасыңар! Элдин убалы оңой дейсиңерби? Акыйкаттыкка да кезек келээрин ойлоп койсоңор болмок. Эми, өз убалыңар, өзүңөргө!”, - деп жазды куудул.

Ссылка: https://barometr.kg/kmndr-abylov-eldin-ubaly-soo-kojbojt-ertelep-zhegenierdi-kazynaga-tgp-bergile



Добавить комментарий