Медицина академиясында бюджеттик орундар көбөйдү.

7 августа 2020 14:35 2019 Barometr
Поделиться в:
ok

Медицина академиясында бюджеттик орундар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен, ССМнын буйругу менен Медицина академиясында бюджеттик орундар бөлүндү:

«Дарылоо иши» - 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш»- 10 орун.

Ош мамлекеттик универтитети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар:

«Эпидемиология» - 30 орун;

«Инфекциялык оорулар» - 22 орун;

«Микробиология» - 30 орун;

«Реаниматология» - 26 орун.

Ошондой эле, 2020-2021- окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү:

«Пульмонология» - 35 орун;

«Тез медициналык жардам» - 12 орун;

«Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.


Ссылка: https://barometr.kg/kmm-akademiyasyndagy-byudzhettik-orundar-boyuncha-maalymat



Добавить комментарий