ӨКМ: Жолдо калган жүргүнчүлөргө жылынуучу жай уюштурулуп, ысык тамак берилүүдө
Аба ырайынын кескин начарлашынан улам Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылып, жолдо калган жүргүнчүлөргө ысык тамак-аш берилүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Учурда бардык автоунаалар "Сосновка" бекетинен ары коё берилбей кармалып турушат.
“Жайыл районунун Сосновка постунда КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан жылынуучу жай уюштурулуп, жүргүнчүлөргө ысык тамак чайы менен берилип жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экени айтылган. Ошого байланыштуу Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Арал” өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилери кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/km-zholdo-kalgan-zhrgnchlrg-zhylynuuchu-zhaj-uyushturulup-ysyk-tamak-berild
Добавить комментарий ×