ӨКМ: Жер титирөө тууралуу билдирүүгө ишенбегиле

18 май 2019 09:30 844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары жер титирөө болору тууралуу билдирүүнү таратышууда.  

Анда абоненттер Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Медицина кызматтарынын күчөтүлгөн режимде» иштөөсүнө байланыштуу № 02 буйругун таратышкан. Документте Сейсмология институту жакынкы убакта өлкөнүн түндүк бөлүгүндө күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөө болору жазылган. Премьер-министрдин тапшырмасы менен буйрук чыгарылганын, жарандык коргоо штабдарынын жетекчилерине ГЗ окуусуна катышуу күчтөрүнүн даярдыгын текшерүү, зарыл каражаттарды, документтерди даярдоо тапшырылган. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы сайтына мындай буйрукка кол коюлбаганын, жаратылыш кырсыктары боюнча буйруктарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгарарын билдирди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да таратылган документ жалган экенин тастыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/km-zher-titir-tuuraluu-bildirg-ishenbegile



Добавить комментарий