Ошто жер көчкү жүрүү коркунучу жогору аймактарда 31 үй-бүлө жашап келет

2 мая 2020 18:05 1640 Barometr
Поделиться в:
ok

ӨКМ Жер-Капчалга чатыр шаарчасын уюштурганын  министрликтин  Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Асан Сулайманов билдирди.  

“Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Сарай, Нариман жана Кашкар-Кыштак айылдык аймактарында бүгүнкү күндө жер көчкү жана сел каптоо коркунучунун кесепеттери мүмкүн болуучу кооптуу аймактарында 31 үй-бүлөө жашоолорун тобокелге салып, көчпөстөн, жашап келишүүдө. Кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөөлөрдү убактылуу коопсуз жайга көчүрүү үчүн чатыр шаарчасы уюштурулду”, - деди ал.  

Маалыматка ылайык, КР ӨКМдин  Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүп чыгаруу максатында Папан айылдык аймагына 23 (жыйырма үч) даана 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилди. 2020-жылдын 2-май күнү Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Папан айылдык аймагынын Кызыл-Туу айылынын Жер-Капчал участкасына атайын чатыр шаарчасы уюштурулду.

Ссылка: https://barometr.kg/km-zher-kapchalga-chatyr-shaarchasyn-uyushturdu



Добавить комментарий