ӨКМ жакынкы сааттарда катуу шамал болуусун эскертүүдө

31 мая 2018 00:15 1279 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамалдын болушу күтүлүп жаткандыгын Бишкек шаарынын тургундарына эскертет. Мындай аба-ырайы бүгүн түштөн кийин күтүлөт.

Жогорку ылдамдыкта соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ушуга байланыштуу Кыргызгидромет тургундарды бак-шактын алдында турбоого чакырат. Ал эми айдоочулар унааларын ачык аянтта токтотуу сунушталат.

31-майда жана 1-июнда тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/km-zhakynky-saattarda-katuu-shamal-boluusun-eskertd



Добавить комментарий