ӨКМ: Тик учак жана оор техникалар өлкөбүздүн бюджетинен алынган
Соцтармакта буга чейин алынган тик учак жана оор техникалар "Россия каржылаган" деген маалымат тууралуу бийлик үн катты. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Буга чейин, социалдык айдыңда тарап жаткан маалыматтарга тактоо киргизсек, сентябрь айынын ортосунда коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз түрдөгү 1 млрд 306 млн 50 миң рублге өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, өрт өчүрүүчү адистештирилген автоунаалар жана тоодон куткаруу иштерине ылайыкталган тик учак келери айтылган. Бул тууралуу токтом Россия Федерациясы тараптан 2022-жылдын 14-июлунда чыгарылган.
"Жогоруда аталган токтомдун чыгышына Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын февраль айындагы Россияга болгон расмий иш сапарында жана Сочи шаарындагы мамлекет башчыларынын жолугушуусундагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынын негизинде макулдашууга жетишилген.
Токтомго ылайык, Орусия тараптан өрт өчүрүүчү адистештирилген автоунаалардын алгачкылары үстүбүздөгү жылдын соңку айларында, ошондой эле куткаруу иштерине ылайыкталган тик учак 2023-жылы гана келүүсү күтүлүүдө.
Ал эми быйылкы жылдын 13-августунда Президент Садыр Жапаров тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылган 245 млн сомго 1 тик учак, адистештирилген оор техникалар жана мобилдүү үйлөр алынган 282 млн сом өлчөмүндөгү каржат республикалык бюджеттин эсебинен
сатып алынган.
Бул себептен, интернет айдыңында тарап жаткан видео маалыматта "Алынган техникалар өлкөнүн казынасынан эмес, Россия тарап каржылаган" деген маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгын билдиребиз", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/km-tik-uchak-zhana-oor-tehnikalar-lkbzdn-byudzhetinen-alyngan
Добавить комментарий ×