ӨКМ: Төө-Ашууга кар жаап койду. Дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырыңыздар
Поделиться в:
Төө-Ашууга кар жаап койду. Өзгөчө кырдаалдар министрилиги жарандарды этият болууга чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Министрлик айдоочуларга дөңгөлөктөрдү кышка алмаштырууну сунуштады.
“Урматтуу жарандар, айдоочулар жолго чыгардан мурун дөңгөлөктөрүңүздөрдү кышкыга алмаштырып алыңыздар. Жол жүрүүдө аралыкты сактап, өзүңүздөргө сак болуңуздар”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/km-t-ashuuga-kar-zhaap-kojdu-dglktrd-kyshkyga-almashtyryyzdar
Добавить комментарий ×