ӨКМ: Ноокенде 44 жаштагы киши өз жанын кыюуга аракет кылды

16 сентября 2020 11:28 613 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Ноокен районуна караштуу  Сакалды айылынын 44 жаштагы тургуну насостук станциясынын чатырына чыгып алып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Окуя кечээ, 15-сентябрда саат 09:27де болгон.

"1976-жылы туулган адам насостук станциянын чатырынан өз жанын кыюуга аракет кылган. ӨКМнын кызматкерлери ал адамды куткарып калууга үлгүрүштү. Ал куткаруучулардын жардамы менен насостук станциянын чатырынан жерге түшүрүлдү. Андан кийин ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/km-nookende-44-zhashtagy-kishi-z-zhanyn-kyyuuga-araket-kyldy



Добавить комментарий