ӨКМ: Тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт

6 мая 2021 10:28 2567 Barometr
Поделиться в:
ok

Ашууларда кар эрип селге айланышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Бүгүн, 6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек- Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2021-жылдын 6-7-май күндөрү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгеээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн",- деп айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/km-kee-bir-too-etekterindegi-rajondordo-sel-zhrsh-mmkn



Добавить комментарий