ӨКМ чукул кырдаалдар үчүн "112-Кыргызстан" тиркемесин иштеп чыкты

22 марта 2019 10:14 1276 Barometr
Поделиться в:
ok

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  «112 - Кыргызстан» деп аталган мобилдик тиркемени иштеп чыкты, бул чукул  чакырыктарга бирдиктүү линия болмокчу.   

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган тиркеме аркылуу кайсы гана жаран болбосун чукул кырдаалар чыккан учурда кайрыла алышат. 

«112 - Кыргызстан» тиркемесин колдонуучулар өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар болгон учурда фото, видео, аудио материалдарды тиркөө менен кабарлама жөнөтө алышат

Ошол эле маалда колдонуучуга биринчи жардам көрсөтүү, чукул кырдаалдар эмне кылуу керектиги тууралуу кабарлама жөнөтүлөт.

 Учурда тиркеме Android базасындагы гаджеттерде иштейт, ал эми iOS үчүн AppStoreдун администраторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин тиркеме ишке кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/km-chukul-kyrdaaldar-chn-112-kyrgyzstan-tirkemesin-ishtep-chykty



Добавить комментарий