ӨКМ: Чүйдүн Сын-Таш тоосундагы өрт толугу менен өчүрүлдү

21 сентября 2018 15:40 1130 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүйдүн Сын-Таш тоосундагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш тоосунда ачык аянтта болжол менен 60-70 га куураган чөп күйгөн. Маалымат ӨКМге 13:59 да түшкөн, өрт толугу менен 02:55 өчүрүлгөн, №4 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүү бөлүмү (8 куткаруучу-өрт өчүрүүчү) тартылган. Куткаруучулар өрт өчүрүлгөндөн кийинда ал жактан күжүрмөн нөөмөттө турушкан. Андыктан, ал жерде иш алынып барган, ӨКМге кандай билдирүү тушөр замат, биздин өрт-куткаруу кызматтары ыкчам түрдө иш алып барышат. 

Белгилей кетсек, Чүйдөгү Кегети жайлоосу өрттөнүп жатканын Нурали Байтемиров аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жазган. ӨКМ бүгүн бул маалыматты төгүндөп, өрт Кегети жайлоосунда эмес, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш тоосунда ачык аянтта болгонун билдирди. 




Ссылка: https://barometr.kg/km-chjdn-syn-tash-toosundagy-rt-tolugu-menen-chrld



Добавить комментарий