ӨКМ: Бишкекте фитнес-борбордогу өрт өчүрүлдү
Поделиться в:
Бишкектин Горький менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги фитнес-борбордо өрт чыкты. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул маалыматты тастыктап, өрт өчүрүлгөнүн, курмандыктар, адамдын ден соолугуна зыян келген окуялар болгон эместигин билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт эртең мененки сааттарда чыккан. ӨКМдин өрт өчүрүүчү эки тобу бир жарым сааттын ичинде өрттү толугу менен өчүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/km-bishkekte-fitnes-borbordogu-rt-chrld
Добавить комментарий ×