Көлмөнүн үстүн кардан тазалап жатып сууга чөгүп кеткен трактор чыгарылды

28 декабря 2018 10:36 1282 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жумгалда муздун үстун тазалап жатып сууга түшүп кеткен трактор 4 күндөн кийин чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

"23-декабрь күнү Чаек айылынын Шортон тилкесинде МТЗ-89 үлгүсүндөгү трактордун айдоочусу муз аянтчасынын карын сүрүп жаткан учурда муз жарылып, трактор жарымына чейин сууга түшүп кеткен. 27-декабрь күнү тракторду суудан чыгаруу үчүн айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 трактор, 1 ГАЗ-53 унаасы жана КР ӨКМнин №43 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, унааны суудан чыгарышкан"-деп жазылат маалыматта.

Тракторду Чаек айылындагы Шортон көлмөсүнүн үстүн хоккей ойноого даярдаш үчүн айдап барышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/klmnn-stn-kardan-tazalap-zhatyp-suuga-chgp-ketken-traktor-chygaryldy



Добавить комментарий