Көлөкөлөр жоголот: Алясканын Кивалина айылы суу алдында калат (сүрөт)

18 сентября 2020 13:05 874 Barometr
Поделиться в:
ok

Аляска жээгиндеги кичинекей аралдагы Кивалина айылы акырындык менен суу астында калат. Шаар тургундарына экологдор беш жыл беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жергиликтүү тургундар ар дайым кырсык күтүп жашап калышты. Бирок расмий түрдө алардын аралында эч кандай табигый кырсык болгон эмес, ошондуктан алар федералдык өкмөттөн жардам алууга укугу жок.

Кивалинада 400гө жакын адам жашайт, алар негизинен инупиат аборигендер.

Калктуу конуш 1905-жылы Америка өкмөтү  инупиаттарды көчмөн жашоо образынан баш тартууга аргасыз кылганда курулган.

Бийлик аралдын тургундарын шашылыш эвакуациялаган учурга жол жана көпүрө куруп, камданып жатат.

Окумуштуулар 2025-жылга чейин Кивалина аралы деңиз алдында калып, толугу менен жок болуп кетишин болжолдошууда.

Топурактын эрозиясы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү аралдын аянтын тынымсыз азайтып жатат.

Экологдор алдыдагы кырсыкка глобалдык жылуулукту күнөөлөшүүдө. Өткөн жыл Аляскадагы метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң жылуу жыл болду.

Инупиаттар бир канча кылымдардан бери деңиз жаныбарларына аңчылык кылып, териден салттуу кийимдерди тигип кийишчү. Ырас, азыр аны көбүнчө майрамдарда гана кийишет.

Кивалинанын дагы бир көйгөйү - бул 80 км алыстыкта жайгашкан Red Dog Mine цинк кенинен аккан суулар топуракты жана деңизге куюлган дарыяларды булгат жатканы.

Ал цинк кенинин ишин токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Себеби жергиликтүү жаштар үчүн цинк шахтасында иштөө жашоо үчүн дээрлик бирден-бир жол болуп калды.

Бийлик алар жашаган аралдан көчкүлө деп жаткандыктан, алардын көпчүлүгүнүн бара турган жери жок.

Ал эми ата-бабалардын жашаган жери менен  мүрзөлөрү деңиздин алдында каларын эстегилери да келбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/klklr-zhogolot-alyaskadagy-kivalina-ajyly-suu-aldynda-kalat-srt



Добавить комментарий