Климат өзгөрүп Казакстанда пальма өсө баштады
Актау шаарындагы Мангышлак эксперименталдык ботаникалык бакчасынын кызматкерлери субтропикалык пальмаларды өстүрүп жатышат.Бул тууралуу аталган бакчанын Фейсбуктагы баракчасына шилтеме кылуу менен «Барометр» маалымдайт.
Бул субтропикалык өсүмдүктү сыноо иштери акыркы жылдарда окумуштуулар байкоого алып жаткан климатттын өзгөрүшүнөн улам башталган.
“Акыркы 10 жылдагы климаттык көрсөткүчтөрдүн анализинин жыйынтыгы менен Мангистауда орточо температура +10 градус болууда. Климаттын мындай көрсөткүчү жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү Мангистауда өстүрүүгө боло турганын далилдейт”,-деп айтылат аталган бакчанын социалдык баракчасында.
Мындан тышкары аталган бакчада анар, маслина, магнолия жана розмарин сыяктуу өсүмдүктөрдү сыноо башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/klimat-zgrp-kazakstanda-palma-s-bashtady
Добавить комментарий ×