Көл жээгинде кумарга баткан туристтер полициянын эскертүүсүнө көңүл бурушкан эмес

6 февраля 2020 08:19 1797 Barometr
Поделиться в:
ok

Филиппиндеги аралдардын биринин жээгинде кумарга баткан туристтер полициянын эскертүүсүн көңүлгө дагы алган эмес. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Ага ылайык, окуя туристтер арасында эң популярдуу болгон Боракай аралында болгон. Жергиликтүү тургундар туристтердин элди көзүнө илбей кумарга батканын көрүп, полицияга арызданышкан.

Окуя болгон жерге келген полиция аларды ажыратууга аракет кылышкан, бирок туристтер аябай мас болгондуктан ага таптакыр көңүл бурушкан эмес. Укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча жуптардын колуна кишен салынып, машинага отургузганда дагы бири-бирине тартылып, кумарга батуусун токтоткон эмес.

Туристтер кармалып, соттук териштирүү дайындалган. Алар алты миң филиппин песосун күрөө катары төлөшүп, сот залынан бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kl-zheeginde-kumarga-batkan-turistter-policiyanyn-eskertsn-kl-burushkan-emes



Добавить комментарий