Көк-Жар конушундагы көчөгө Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды
Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушундагы көчөгө мурдагы президент Бакиевдин тушунда Ички иштер министри кызматын аркалаган Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды.
Мындай маалыматты конуштун жетекчиси Эдил Жумалиев тастыктады. Буга чейин соцтармактарда Конгантиевдин ысымындагы көчө пайда болгону талкууга алынган.
Маалыматка ылайык, мындай ысымдагы көчө Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын курамына кирген “Полиция шаарчасы” конушунда пайда болгон.
Жергиликтүү администрация башчысы Эдил Жумалиев бул көчөгө буга чейин ат коюла элек болчу. 2018-жылы анын жашоочулары көчөнү Конгантиевдин ысымын ыйгаруу өтүнүчү менен жергиликтүү кеңешке кайрылышкан.
“Бул конушта күч түзүмдөрүндө иштегендер жашашат. Көчөнү Конгантиевдин ысымы менен атоо боюнча кат менен кайрылышкан. Мындай учур бул конушта буга чейин да болгон. Генерал Субановдун ысымында көчө бар. Күч түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеген башка атактуу кишилерди аттары коюлган көчөлөр бар. Бул жашоочулардыын каалоосу болуп жатат”, - дейт Жумалиев.
Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары ИИМ министри болгон. Апрель революциясынан бир күн мурда элдик толкундоолор болуп жаткан Талас облусуна барган. Абал көзөмөлдөн чыгып кетип, митингчилер министрди токмоктоп салышкан. Катуу жаракат алган Конгантиевдин башына бир канча жолу операция жасалган. Кийин ал өлкөдөн сыртка чыгып кеткен.
Апрель окуясына байланыштуу ал “Шалаакылык” жана “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери менен айыпталган. Ушул жылдын июль айында сот аны актаган.
Ссылка: https://barometr.kg/kk-zhar-konushundagy-kchg-moldomusa-kongantievdin-ysymy-yjgaryldy
Добавить комментарий ×