Көк-Жар айылына байыркы кыргыз жазууларына арнап, эстелик орнотулду

25 март 2021 16:53 2011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-мартта Көк-Жар айлынын Ачакей шаарчасына байыркы кыргыз жазмаларына арналган эстелик тургузулду. Эстеликти Жогорку Кеңештин экс-депутаты, кинорежиссер Садык Шер-Нияз орнотту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, Ачакей шаарчасына атайын аян курулуп, так ортосуна байыркы Орхон Энесай жазма маданиятына арналып, эстелик орноттулду.

Бейлгилей кетсек, скульптуранын автору Санкт-Петербургдагы Илья Репин атындагы Мамлекеттик сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун бүтүрүүчүсү Тамилла Маматова.

Байыркы кыргыз жазмаларына арналган эстеликтин ачылыш аземине саясатчылар, коомдук ишмерлер, акындар, журналисттер, тарыхчылар келишти.

 Байыркы Орхон Энесай жазмасынын кыскача тарыхы:

Бул жазма салты 6–12-кылымдарга таандык. Анын Энесайдагы варианты кыргыздарга таандык болгон. Кыргыз руна жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Энесай чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таластан жана Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган.

Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул руна сымал жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен.

Энесай, Талас, Кочкор жазуулары жалпы бир чөйрөдө калыптанып өнүккөн. Бул жазуу эл аралык дипломатияда да колдонулгандыгын кытай жыл баяндары тастыктайт.

Болжолу, кыргыздардын Энесай руна сымал жазма маданиятынын эң соңку колдонулушу 12-кылымга таандык.

Орус булактары енисейлик кыргыздардын жазуусу болгондугун 17-кылымдан тартып кыйыр кабарлашкан. Руна сымал жазуусун кыргыздар өздөрү ойлоп таап, өнүктүрүшкөндүгүн ташка чегилген жазуулардагы маалыматтар, адам аттары, өзгөчө эн тамга белгилери далилдей алат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kk-zhar-ajylyna-bajyrky-kyrgyz-zhazuularyna-arnap-estelik-ornotuldu



Добавить комментарий