Көк бөрү оюунунун күчтүү аргымак, мыкты оюнчу наамдары кимдерге ыйгарылды?

22 марта 2021 10:50 2669 Barometr
Поделиться в:
ok


Кече, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өтүп, "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт. 

Оюун укмуштуудай кызуу жана айгышкан атаандаштык менен өттү. Жогорку лигада Талас облусунун «Ынтымак» командасы Ош облусунун «Достук» командасын 5:4 эсеби менен артка калтырып, жеңүүчү аталды. 

Белгилей кетсек, бул жылы көк бөрү боюнча мелдеш Болотбек Шерниязовдун, Болот Шамшиевдин жана Темир Дуйшекеевдин элесине арналды. 

Жогорку лига: 

1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сом;

2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сом;

3-орун –«Сары-Өзөн» командасы, Чуй облусу, байге – 100 000 сом;

4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары,  байге – 70 000 сом;

5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;

6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сомов. 

Биринчи лига:

1-орун – «Кара-Буура» командасы,  Талас облусу, байге – 100 000 сом;

2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сом;

3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сом;

4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сом. 

Ал эми, көпчүлүктүн бүйрүн кызыткан көк бөрү таймашынын мыкты оюнчусу болуп «Ынтымак» командасынан Нуржан Мелисбек уулу жана «Кара-Буура» командасынын оюнчусу Ариет Толонов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 

Ошондой эле, көк бөрүдө эр жүрөк жигиттердин тулпарлары да сыйлыктарга татыды. «Жети-Өгүз» командасынын Чемпион атына жана «Достук» командасынын Шахмат атына мыкты тулпар наамдары ыйгарылды. Аларга да акчалай сыйлык тапшырылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-oyuunun-kyzyktuu-kz-irmemderi-kcht-argymak-mykty-oyunchu-naamdary-kimderge-yjgaryldy



Добавить комментарий