Көк бөрү боюнча кыргыз курама командасы Монголияны 29:5 ири эсебинде утуп алды

3 сентября 2018 15:25 1866 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Монголияны 29:5 ири эсебинде утуп алды. Кыргыз курамасынын лидери Манас Ниязов 6 ирет улак таштоо менен айырмаланды.

Маалым кыла кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 11:00дөн 18:00гө чейин көк бөрү боюнча мелдеш өтөт.  Анда жалпы 12 курама команда ат салышат. Алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен алдыңкы 1-орунду ээлеген курамалар финалдык бөлүккө жолдомо алат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курамасы кийинки оюнда Алтай командасы менен кез келет.

Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-boyuncha-kyrgyz-kurama-komandasy-mongoliyany-295-iri-esebinde-utup-aldy



Добавить комментарий