Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген келин кармалды

21 ноября 2019 14:46 9476 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Алай районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Шектүүнү каза болгон күйөөсүн жоктоп боз үйдө ыйлап отурган жеринен милиция кармап кеткен. 28 жаштагы келин алгачкы эле тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсүнүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Буга чейин, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй маркум 46 жаштагы Үмүтбек Ысаков аялы менен өз ара келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон. 19-ноябрда, болжол менен саат 23.30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу турак жайдагы үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы П.Г. арматура менен башына үч ирет чапкан.

Ысаков алган жаракатынан улам Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө тез жардамды аялы жана кошунасы чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, кошунасына «сырттан жарат алып келип жатып калды» деп айткан.

Каза болгон Үмүтбек Ысаков Ош шаарынында маршруттук такси айдаган. 4 баланын атасы.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун белгилерине ылайык сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

 Далил буюму катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм. болгон арматура алынды. Шектүү П.Г. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kjsnn-lmn-shektelgen-kelin-karmaldy



Добавить комментарий