Күйөөсү менен урушкан аял дайынсыз жоголду

22 мая 2019 22:45 3233 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте аял дайынсыз жоголгонун шаардык милиция кабарлады.

2019-жылы 17-майда Бишкекте Свердлов райондук ИИБге Ш.Б аттуу жаран 1983-жылы туулган Зейнаб Исламбекова Нуракова аттуу аялын издөөгө жардам берүү боюнча арыз менен кайрылган.

Аял 15-майда болжол менен 10:00дө Республикалык диагностикалык борбордун жанында күйөөсү менен уруша кетип белгисиз багытка кеткен. Ошону менен кайрылып келген эмес.

Азыр кайда жүргөнү белгисиз. Белгилери: Боюу 165-167 см, чачы кара, бети сүйрү. Кызыл түстөгү көйнөк, бутуна көк түстөгү туфли кийген.

Көргөндөр болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылууну өтүнүшөт: 102, 0553 102 387, 0703 222 622, 0702 498 888, 0772 847 336.

Ссылка: https://barometr.kg/kjs-menen-urushkan-ayal-dajynsyz-zhogoldu



Добавить комментарий